Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Г.К.Асылбаеванын тапшырмасы менен, ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында Нарын облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда төмөндөгү багыттар боюнча мониторинг жүргүзүлдү:
Ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүүдө керектөөчүлөрдүн укугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда прейскурант маалымат үчүн көрүнүктүү жерге илинбегендиги аныкталды. Ошол себептен, аталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлдү.