2024 – жылдын 15 – мартында “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 15 – март бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Талас шаарындагы Талас агрардык экономикалык колледжинде, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлдү. Ал менен бирге Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери., Кызматтын ишмердүүлүгү, сатуу, сатып алуу жана кызмат көрсөтүү жаатындагы карым-катнаштар, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында каралган талаптар боюнча маалыматтар берилди.
Мындан сырткары мугалим жааматы жана студенттер менен эркин талкуу уюштурулду.