2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтыруу боюнча иштерди күчөтүү максатында бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен бирдикте социалдык маанилүү товарлардын бааларына Ысык-Көл районунун соода түйүндөрүндө, мониторинг жүргүзүлдү.
Сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Мониторингдин жүрүшүндө социалдык жактан маанилүү товарларга баалар негизинен туруктуу экендиги, ошондой эле кой этинин орточо баасы Чолпон-Ата шаарында 520 сом болсо, Каракол шаарынын базарында 485 сом айырмасы Каракол шаарына салыштырмалуу Чолпон-Ата шаарында 35 сомго жогору, уй этинин орточо баасы Чолпон-Ата шаарында 515 сом болсо, Каракол шаарынын эт саткан базарында 465 сом айырмасы Каракол шаарына салыштырмалуу Чолпон-Ата шаарында 50 сомго, 1кг бөлкө нандын орточо баасы Чолпон-Ата шаарында 77,5 сом болсо Каракол шаарында 1кг бөлкө нандын орточо баасы 59,25 сом айырмасы Каракол шаарына салыштырмалуу Чолпон-Ата шаарында 18,26 сомго жогору экендиги байкалды.