Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен бирге 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Биринчи май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жетекчинин катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарды жүргүзүлдү:
КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндө Мыйзамынын талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн маалыматтар мамлекеттик жана официалдуу тилде болуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен маалыматтарды мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.