Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында 2024-жылдын 18-мартында мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан керектөөчүлөр үчүн акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баасы (тариф) жөнүндө маалыматы жана мекеменин аталышы, иштөө мөнөттөрү көрүнүктүү жерге илинген. Жарандардан арыз, кайрылууларды кабыл алуу терезеси ачылган.
Облустук бөлүмдүн кызматкерлери Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине керектөөчүлөрдүн укуктары, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн милдеттери жана жоопкерчиликтери жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, окуу семинарын өткөрүштү.
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлык дагы уланмакчы.