Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында мониторинг жүргүзүлдү
18.03.2024Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө
18.03.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен бирге 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Биринчи май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүндө жетекчинин катышуусунда мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг төмөнкү багыттарды жүргүзүлдү:
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөргө толук маалыматтардын болуусу;
- Кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча.
КРнын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндө Мыйзамынын талаптары боюнча керектөөчүлөр үчүн маалыматтар мамлекеттик жана официалдуу тилде болуусу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен маалыматтарды мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.