Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунда (УНАА мамлекеттик мекемеси) 2024-жылдын 20-март күнү мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда байкалгандай, Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борбору тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыздалган.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөр үчүн маалыматтар мамлекеттик жана расмий тилинде илинген. Керектөөчүлөр үчүн электрондук кезек менен иш жүргүзүлүүдө.
Мекеменин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.