Биринчи вице-мэрге Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыкты өткөрүү боюнча Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн иши тууралуу маалымат берилди.
Андан сырткары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматыны тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун аткарылышы жана Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларынын биргеликте иш алып барууга байланыштуу маселелер каралды.
М.К.Байгончоков өз сөзүндө 2023-2024-жылдарда көмүргө жана нан азыктарына болгон бааларды мамлекеттик жөнгө салуу багытында райондук мамлекеттик администрациялары менен биргелешкен натыйжалуу жана жакшы координациаланган иштерди баса белгиледи.