“Токтобеков Сапар” атындагы таза суу муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү сууга болгон кызматтарынын тарифтери (баасы) каралып жатат. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобосунун 12-1п. ылайык Тоң районунун Ак-Терек айыл аймагынын муниципалдык кызматтын өкүлдөрү, Барбулак айылынын тургундары жана таза суу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү менен (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) баалардын (тарифтердин) долбоорлорун жана анын чектүү деңгээлин ачык талкуулоо өттү.