Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Улуттук банкынын Оштогу башкармалыгынын адистери менен биргеликте 2024-жылдын 26- март күнү Ош шаарында жайгашкан ишкердик субъекттерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүштү. Бул иш-чара 20дан ашуун ишкердик субъекттерди камтыды.
Мониторингдин жүрүшүндө кээ бир соода жана кызмат көрсөтүүчү түйүндөрдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуунун жоктугу аныкталды.
Ишкерлерге Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин талаптарын аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча аткаруу мөөнөтүн белгилөө менен көрсөтмөлөр берилди.