15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүгө карата Нарын шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования торагасынын орун басары А.А.Мамыралиев, бөлүм башчы Р.Т.Казаковдун жана Нарын облусуна караштуу мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, кызматкерлеринин катышуусунда иш чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлордүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери жөнүндө маслелер талкууланды.
Ошондой эле, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатында, иш жүзүндө аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматтар жана керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарды кароодо кызматташуу жөнүндө, пикир алмашуулар орун алды.