Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы

Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44

30.04.2024
2024 – жылдын 26 – апрель күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү
Мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин” 22-1 пунктунун аткарылышы боюнча жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө соода түйүндөрүнүн администрациялары менен жогорудагы көрсөтүлгөн токтомдун 22-1-пунктунун талаптарын так аткаруу максатында, “Кыргызстанда жасалган, Сделано в Кыргызстане, Made in Kyrgyzstan” аркылуу товарлардын чыгарылган өлкөсү менен ата мекендик өндүрүш товарлары үчүн өзүнчө стеллаждарды/текчелерди бөлүп […]
18.04.2024
Сапатсыз кызмат көрсөтүүнүн алкагында, керектөөчүгө акча каражаты кайтарылды
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Бишкек шаары боюнча бөлүмү тарабынан Р.М. аттуу жарандын туристтик агенттикке карата арызы каралган. Арызда көрсөтүлгөндөй, керектөөчү Бишкек шаарындагы ОсОО “С” туристтик агенттигинен, чет өлкөлөрдүн бирине саякаттоо үчүн Саякат пакетин (тур пакет) сатып алган.   Бирок керектөөчү саякатка барган учурда, туристтик агенттик сунуштаган кызматтардан бир топ кемчиликтер аныкталган.   Тагыраагы, туристтер жашай турган мейманкананын […]
12.04.2024
Бишкек шаарында POS- терминалдар боюнча мониторинг жүргүзүлдү
2024-жылдын 11-апрель күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери бир катар мамлекеттик мекемелерге POS- терминалдар боюнча мониторинг жүргүзүштү.Мониторингде белгилүү болгондой, аталган мекемелерде POS- терминалдар орнотулган жана мыйзам бузуулар аныкталган жок.Кызматтын адистери мекемелердин жетекчилигине, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.
28.03.2024
Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Октябрь району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү
15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования жөнгө салуу кызматынын жарыялаган бир айлык планынын алкагында, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 28-март күнү Октябрь району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушунун жүрүшүндө муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын […]
27.03.2024
Ош базарында мониторинг жүргүзүлдү
Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында, 2024-жылдын 27-март күнү Ош базарында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Белгилей кетсек, базарларда баалар туруктуу жана таңкыстык жок.