Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери, 2024-жылдын 19-февраль күнү Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда, көмүр сатуучу түйүндөрдө көмүрдүн баасынын жогорулашына жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы менен көмүрдүн 1 тоннасы, майдасы 3000-3500 сом, эленбегени 4500-6500 сом, ал эми эленгени 5500-7000 сомдон сатылып жаткандыгы анык болду. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүр жетиштүү көлөмдө, таңкыстык жок.