Нарын шаарынын мэриясы тарабынан 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана калкты көмүр менен камсыздоо максатында Нарын шаарына “Турук” көмүр кенинен 300 тонна көмүр отуну алынып келинди. Сатуу пункттарынын дареги Нарын шаары Мусурманкулов көчөсүндө (Межрайбаза кампасында) жайгашкан. Көмүр 1 тоннасы 5000 сомдон сатылууда. Белгилей кетсек, бул пункттарда көмүр так таразалар аркылуу сатылууда. Бүгүнкү күндө Нарын шаарында көмүргө карата курч […]