2023-жылдын 5-7-июль күндөрү Кызматтын борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек шаарынын ишкердик субъекттер арасында жарнама маалыматты жайылтууда Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын нормаларын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Түшүндүрүү иштери менен камтылган ишкердик субъекттердин жалпы саны 436ны түздү. Жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алган ишкердик субъекттердин саны – 192.