Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 5-апрелинде Баткен шаарларында жарнама мыйзамынын сакталышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузууларды болтурбоо багытында мониторинг (рейд) жүргүзүлдү. Мониторинг жүргүзүү учурунда, Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пунктарынын бузуу фактысы аныкталган. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3,4-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча […]