2024-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас облусунда жайгашкан сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 14- марттындагы №1950-VII сандуу “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык сүткө болгон сатып алуу […]