Аймактык бөлүмдөр

26.04.2024

Талас шаарында Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери боюнча мониторинг жүргүзүлдү

2024 – жылдын 26 – апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери (мындан ары – Талас облустук бөлүм) Талас шаарында жайгашкан соода объектилеринде мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелеринин” 22-1 пунктунун аткарылышы боюнча жүргүзүлдү. […]
26.04.2024

Баткен шаарында  накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторингдин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын  27-беренесинин жана  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын  23-декабрындагы  №869  “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-бөлүмүнүн  негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 25-апрелинде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин […]
26.04.2024

Кызматтын Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун аймагындагы чийки сүттү сатып алуу баасы боюнча сүттү кайра иштетүүчү ишканалар жана сүт өткөрүүчү ортомчулар менен жолугушуу өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2024-жылдын 14-мартындагы “Сүттүн сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө” №1950-VII токтомун аткаруу максатында  Чүй облусунун аймагындагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын жана чийки сүттү сүт өткөрүүчү ортомчу ишкерлердин ишмердүүлүгүнө жеринен талдоо жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 25-апрелинде Москва районунда жайгашкан “Ак-Сүт” ачык акционердик коомунун […]
Skip to content