2023-жылдын 31-май күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын символдору жөнүндө” аталыштагы тегерек стол өткөрүлүп, Бишкек шаардык мэриясынын 32 ведомстволук, аймактык түзүмдөрү жана муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү катышты Тегерек столдун ачылышында Кызматтын орун басары А. Мамыралиев сөз сүйлөп, мамлекеттик символдорду колдонуудагы одоно катачылыктарды баса белгилеп, мамлекеттик мекеме-ишканаларда […]