Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы

Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44

12.12.2023
Бишкек шаарында көмүргө мониторинг жүргүзүлдү.
2023-жылдын 12-декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ленин райондук администрация кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди.Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат. Таңкыстык жок. “Кара-Кече” көмүрү 4700- 5500 сомдон, тандалган түрү 6000 сомдон сатылууда.
24.11.2023
Бишкекте нан менен көмүрдүн баасын кымбат саткандарга айып пул салынд
2023-жылдын, 23-ноябрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Ленин райондук администрациясынын жана укук коргоо кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте нан жана көмүр баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторинг учурунда 270-280 гр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталды.Жыйынтыгында тандыр нандын сатуучусуна 3 000 сом көмүр сатуучуга 1000 сом айып пул салынды. Учурда 27 сомдон сатылууда.
20.11.2023
Бишкек шаарында жарнактар боюнча айып пулдар салынды
Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаардагы тышкы жарнактарга мониторинг жүргүзүлдү.Мониторинг учурунда аныкталгандай, бут кийим дүкөнүнүн жарнактары, жеке менчик медициналык борбордун жана кийим саткан дүкөндүн жарнак маалыматтары мамлекеттик тилге которулган эмес. Ошондой лицензия номери да болгон эмес.Бул КР «Жарнак жөнүндө»Мыйзамынын 5-беренесине карама-каршы келет.Белгиленген мыйзам бузуулар боюнчаадминистративдик протоколдор түзүлүп, жалпы суммасы 51 000 сомду түзгөн административдик айып пулдар салынды.
17.11.2023
Бишкекте нан менен көмүр баасы боюнча айып пул салынды
15-16-ноябрь күндөрү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери, Октябрь жана Ленин райондук администрациясынын жана салык кызматынын өкүлдөрү менен нан баасына мониторинг жүргүзүштү.Жыйынтыгында тандыр нан саткан ишкерге 3 протокол түзүлүп, 9 000 сом көмүр сатуучуга 5 5000 сом айып пул салынды.
02.11.2023
Бишкек шаарында нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 2-ноябрында Бишкек шаарынын аймагында 1-сорттогу ундан жасалган буудай нанына (бөлкө нан), нан азыктарына (тандыр нан) бааларды жөнгө салуу максатында, КР экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарынын Свердлов районунда биринчи сорттогу ундан жасалган буудай нанына максималдуу бааларды сактоо маселеси боюнча иш-чаралар (мониторинг) жүргүзүлдү. […]