Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы

Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44

07.03.2024
Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 7-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү
Бүгүн, 7-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү.     Жолугушууда унаа борборунун кызматкерлерине, керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди. Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды.     Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба […]
21.02.2024
Ош базарда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү
    2024-жылдын 21-февраль күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери Ош базарда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүштү.    Социалдык маанилүү товарларга жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан соода түйүндөрүндө эмгектенген ишкерлерге бааларды негизсиз жогорулатпоо, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мындан ары да бөлүм тарабынан социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлүп турат.
06.02.2024
Керектөөчүнүн арызы канааттандырылды
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования дарегине жарандардан кайрылуу арыз келген. Анда Бишкек шаарындагы 9-кичи райондогу азык-түлүк саткан ири дүкөндө көп убакыттан Pos-терминалдын жоктугу жана сатуучу товардык чекти кардарларга ар түрдүү шылтоо менен бербей жатканы айтылган. Бул боюнча Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери бүгүн 2024-жылдын 6-февраль күнү айтылган даректеги дүкөндө тийиштүү иш-чараларды жүргүзүштү. Дүкөн ээсине Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын […]
05.02.2024
Бишкек шаарындагы конуштарда көмүр жетиштүү
      Бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования кызматкерлери Ак-Ордо, Ак-Өргө конуштарында жана Жумушчулар шаарчасында көмүргө мониторинг жүргүзүштү. Учурда көмүр капталганы жана тоннасы менен да сатылууда. 1 кап көмүр 250 сом, тандалганы жеткирип берүү акысы менен 5000-5500 сом.       Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.мыйзамдарынын […]
05.02.2024
Бишкек шаарында электр жылыткычтардын бааларына көзөмөл жүргүзүлдү
Бишкек жылуулук станциясындагы авариялык кырдаалга байланыштуу, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери жана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын кызматкерлери менен биргеликте бүгүн, 2-февраль күнү «Дордой», «Аламүдүн», «Ортосай» жана «Ош» базарларында электр жылыткычтардын саткан ишкерлерге жана базардын жетекчилерине баалардын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.       Бааларды, ошондой эле керектөөчүлөр үчүн товарлардын жеткиликтүүлүгүн кармап туруу максатында […]