Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы

Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44

05.02.2024
Бишкек шаарында көмүр баалары туруктуу
    2024-жылдын 2-февраль күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования кызматкерлери көмүргө мониторинг жүргүзүштү. Кара-Кече көмүрүнүн баасы 4700- 5000 сомго чейин. Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка айылында жана Победа проспектисинде капталган көмүр сатылууда. 1 кап көмүрдүн баасы 220- 280 сомго чейин сатылып жатат.   Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча […]
26.01.2024
Бишкек шаарында көмүр тартыштыгы жок
25-январь күнү Бишкек шаарында көмүрдүн кымбатташына жол бербөө максатында, Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан көмүр базаларына мониторинг жүргүзүлдү.Бул иш-чаранын жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.Сатуучуларга көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү.Белгилей кетсек, көмүрдүн баасы туруктуу. Бишкек шаарындагы бардык отун базаларында көмүр жетиштүү көлөмдө бар, көмүр […]
19.01.2024
Ош жана Аламүдүн базарларында мониторинг жүргүзүлдү
Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында 2024-жылдын 19-январь күнү Ош жана Аламүдүн базарларында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Белгилей кетсек, базарларда баалар туруктуу жана таңкыстык жок.
22.12.2023
Бишкек шаарындагы “Боорсок” соода борборуна нандын баасы боюнча айып пул салынды
21 декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери “Арча-Бешик” конушунун Шералиев көчөсүндө жайгашкан “Боорсок” соода түйүнүндө нандын баасына мониторинг жүрүзүштү.Мониторинг учурунда аталган соода борборунда 260 граммдык тандыр наны 29 сомдон сатылып жатканы аныкталды. Буга байланыштуу КР “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.Мындан тышкары ушул эле көчөдө жайгашкан дүкөнгө нан боюнча эскертүү берилди.
12.12.2023
Бишкек шаарында көмүргө мониторинг жүргүзүлдү.
2023-жылдын 12-декабрь күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана Ленин райондук администрация кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы көмүр сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүштү. Сатуучуларга белгиленген баадан ашык сатпоо боюнча эскертилди.Бүгүнкү күндө көмүр белгиленген баада сатылып жатат. Таңкыстык жок. “Кара-Кече” көмүрү 4700- 5500 сомдон, тандалган түрү 6000 сомдон сатылууда.