15.03.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү тарабынан Жалал-Абад медициналык колледжинин студенттерине “Керектөөчү өз укугуңду бил” темасында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде лекциялар окулуп, ушул теманын алкагында суроо-жооптор болду. Практикалык окуу Жалал-Абад медициналык колледжинде 2023-жылдын 15-мартында өткөрүлдү.
13.12.2022
2022-жылдын 18-октябрында Жалал-Абадс шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, ишкердик субъекттер арасында жарнактык маалыматты даярдоодо жана жайылтууда “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
13.12.2022
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү 06.10.2022-жылы № 34 -буйругу менен “Кыргызнефтегаз” ААК тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын бааларынын прейскуранты 2 позицияда макулдашылды.
13.12.2022
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 “Аткаруу бийлик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000 жылдын 26 октябрындагы №637 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн тартибинин” негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө […]