18.03.2024
Жалал-Абад шаарында жалпы ишембилик башталды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш-планынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган ишембилике Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Ишембиликте шаардык мэрия тарабынан бөлүнгөн тилке тазалап, иретке келтирилди. Иш-пландын негизинде ишембиликтер мындан ары да уланмакчы.
18.03.2024
Баткен облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бөлүмдүн имаратында тышкы көрөнүшүн тартипке келтирүү үчүн ишембилик өткөрүлдү
Ушул жылдын 16-мартында Баткен облусу боюнча социалдык инфраструктураларды, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө үч айлык жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмдүн кызматкерлери бөлүмдүн имаратында тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү үчүн ишембилик өткөрүлдү. Ишембиликтин жүрүшүндө көчөдөгү арыктар тазаланып, бак-дарактар акталды. Имараттын айлана-тегереги тазаланып, көрктөндүрүү иш чаралары жүргүзүлдү.
15.03.2024
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!”  темасына лекция (презентация) өткөрүлдү
2024-жылдын 14-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата 1-март айынан 31-мартына чейин бир айлык    иш-чара    планы    каралган.   Каралган   планды   аткаруу   максатында  И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” деген темада  студенттерге лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө, И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжде  студенттер менен Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн  укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5,24-беренесинин ж.б. боюнча […]
15.03.2024
Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жалал-Абад филиалында 2024-жылдын 15-мартында мониторинг жүргүзүлдү
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстар кызматынын Жалал-Абад филиалында 2024-жылдын 15-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Жер ресурстары кызматынын Жалал-Абад филиалында керектөөчүлөр үчүн кызмат көрсөтүүнүн баа (тариф) жөнүндө маалыматы көрүнүктүү жерге илинбегендиги үчүн кызматкерлер тарабынан акт жазылды жана жазма эскертүү берүү боюнча чечим кабыл алынды. Мындан […]
15.03.2024
Талас шаарында бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” студенттерге семинар өткөрүлдү
2024 – жылдын 15 – мартында “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата” Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 15 – март бүгүн “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Талас шаарындагы Талас агрардык экономикалык колледжинде, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу […]