Уметов Кабыл Эрмекбаевич
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн башчысы

Каракол шаары Пржевальский көч. 123 тел:0 3922 3 18 86

18.03.2024

Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

2024-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү социалдык маанилүү товарлардын баасын турукташтыруу боюнча иштерди күчөтүү максатында   бөлүмдүн башчысы жана кызматкерлери Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен бирдикте  социалдык маанилүү товарлардын бааларына Ысык-Көл районунун соода түйүндөрүндө, мониторинг  жүргүзүлдү. Сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол […]
15.03.2024

Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан И.Ахунбаев атындагы медициналык колледжинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!”  темасына лекция (презентация) өткөрүлдү

2024-жылдын 14-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата 1-март айынан 31-мартына чейин бир айлык    иш-чара    планы    каралган.   Каралган   планды   аткаруу   максатында  И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” деген темада  студенттерге лекция өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө, И. Ахунбаев атындагы медициналык колледжде  студенттер менен Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн  укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын 5,24-беренесинин ж.б. боюнча […]
12.03.2024

Каракол шаардык  мэриясында “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына тегерек стол (презентация) жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде “Керектөөчү, укуктарынды бил!” темасына лекция (презентация) өткөрүлдү

2023-жылдын 7-мартында Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн адистери тарабынан 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата бир айлык иш-чара планы каралган. Каралган планды аткаруу максатында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана Каракол шаардык мэриясында “Керектөөчү, укуктарынды бил!” деген темада тегерек стол жана студенттерге лекция өткөрүлдү.       Иш-чаранын жүрүшүндө, мэриядагы  болгон тегерек столго мамлекеттик жергиликтүү органдардын жана Каракол шаардык мериясынын кызматкерлери чакырылып […]
07.03.2024

Социалдык жактан маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө

Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан социалдык маанилүү товарларга Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын  базарында жана соода субъекттеринде,  көмүр сатуучу, чөп сатуучу кичи базарларда мониторинг үргүзүлдү. Бөлүм тарабынан сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, “Атаандаштык жөнүндө” жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Мониторингдин […]
21.02.2024

Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мучолору менен биргеликте, Ысык-Кол областынын Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнундө» мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктусунун талаптарын сакталышы боюнча мониторинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Каракол шаарынын мэриясынын алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөлөрү  менен биргеликте, 2024-жылдын 20-февралында Ысык-Көл областынын Каракол шаарында  тышкы жарнамаларга мониторинг жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө»  мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз […]