Баардык бөлүмдөрдун жаңылыктары

31.03.2023
Бишкекте базар баалары талкууланды.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмү, Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик округунун муниципалдык администрациясы жана Салык кызматы менен биргеликте базарлардын жана соода тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өткөрдү.Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык сатуучулардын милдеттери жана керектөөчүнүн укуктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ишкерлер тарабынан социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө […]
31.03.2023
Нарын шаарында азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү
2023-жылдын 31-мартында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Нарын шаарында жайгашкан базарларда, дүң соода жайларында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.Мониторингдин жүрүшүндө базардагы соодагерлерге баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча маалыматтар берилди. Баалар негизсиз көтөрүлгөн учурда КР Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде чаралар көрүлөрү айтылды.
30.03.2023
Эттин дүң жана чекене баасына мониторинг жүргүзүлдү
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келээри белгилүү болду. Ош базарынын эт саткан жайларында дүң жана чекене баада сатылат. […]
30.03.2023
Ысык-Көл облусунда сүт азыктары боюнча жыйын өттү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча бөлүмүнүн  башчысы, кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары, айыл чарбасы боюнча облустук кызматкерлердин жана сүт заводтордун өкүлдөрү, жалпы облустук сүт өткөрүүчүлөр менен жыйын өткөрүлдү. Жыйын негизинен сүттүн баасыны арзандыгы же 28 сомдон алып жатканына нааразычылык боюнча болуп өттү. Жыйында […]
30.03.2023
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Жети-Өгүз районунудагы тейлөө аймактарында POS- терминалдарды орнотуу зарылдыгы боюнча биргелешкен мониторингди жүргүзүштү
Бүгүн, 2023-жылдын 29-мартында, Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери  Улуттук банктын өкүлдөрү менен бирге Жети-Өгүз районунда соода жана тейлөө ишканаларында (аптекалар, коомдук тамактануу пункттары, чач тарачтар, азык-түлүк жана турмуш-тиричилик техникасын сатуучу магазиндер – жалпысынан 34)  POS-терминалдардын болушу жана колдонулушу, о.э. банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (мындан ары – QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган банк жабдууларын орнотуу […]