31.05.2023
Азык-түлүк буудайынын данын сатып алуу баасын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы №104 буйругу менен бекитилген “2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча Иш чаралар планынын 17-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 29-майындагы №21 буйругу менен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатып алган азык-түлүк буудайынын 1 […]
31.05.2023
Күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ) рыногундагы кырдаал жөнүндө
Россия Федерациясынын дүң звеносундагы КММга болгон баанын өзгөргөндүгүнө байланыштуу монополияга каршы таасир этүүнүн алкагында, үстүбүздөгү жылдын 30-майында монополияга каршы органдын аянтчасында Кызматтын жетекчиси К.Д.Тайлаковдун төрагалыгы астында республиканын нефтетрейдерлери менен жумушчу кеңешме болуп өттү. Жумушчу кеңешмеге “РН-кыргызнефтепродукт” ЖАК, “Газпромнефть-Азия” ЖЧК, “Альфа Ойл” ЖЧК, “Партнер Нефть” ЖЧК жана “ШНОС” ЖЧК жана “Нефтетрейдерлер ассоциациясы” ЮЖБ өкүлдөрү катышышып, анда КММ рыногундагы кырдаал талкууланды. Отурумдун […]
30.05.2023
2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» 2023-жылдын 25-апрелиндеги №220 токтомунун 5-пунктун орундоо максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы төмөнкү иш чараларды жүргүздү: 1.Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ишканаларын көмүр менен камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын көмүр казып алуу ишканалары үчүн көмүрдүн баасы “Кыргызкөмүр” МИ берген тизмеге […]
26.05.2023
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 25 – майындагы №19-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. Макулдашылган көрсөткүч:2.
25.05.2023
Көмүр өндүрүүчүлөр менен кеңешме өттү
Бүгүн 2023-жылдын 24-майында монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө” №220 токтомун аткаруунун алкагында “Кыргызкөмүр” МИнин өкүлдөрү жана көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен 2023-2024-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүүдө ЖЭБ үчүн көмүрдүн баасын белгилөө маселеси боюнча кеңешме болуп өттү. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жана көмүр казуучу […]