Сатыгулов Бейше Турдуевич
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы

Жалал-Абад шаары Шопоков көч. 4 тел:0 3722 7 00 25

Сатыгулов Бейше Турдуевич

13.12.2023
Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад шаарында жана  Сузак районунда 2023-жылдын 12-декабрында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда белгиленген баадан жогору сатып жаткан жайлар аныкталбады. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүрдүн баасы туруктуу, тактап айтканда маркасына жараша тоннасы эленбеген түрдө 4800 сомдон 7400 сомго, […]
06.12.2023
Жалал-Абад облусунун Сузак районун нан жана көмүр бааларына мониторинг жургүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад шаарында жана  Сузак районунда 2023-жылдын 5-6-декабрында көмүрдүн жана нандын бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагында жайгашкан “Халва” кафесине тандыр нандын баасын белгиленген баадан жогору сатып жаткандыгы аныкталып, жазма эскертүү берилди. Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда көмүрдүн жана нандын баасы […]
29.11.2023
Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэринин2023-жылдын 16-октябрындагы №530-б “Социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүү” боюнча буйругу менен түзүлгөн комиссиясы менен биргеликте Кара-Көл шаарында 2023-жылдын 28-ноябрында мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Кара-Көл шаарында жайгашкан 5 наабайкана жана 2 нан (бөлкө нан) бышыруучу цехке мониторинг жүргүзүлдү. Мындан сырткары […]
28.11.2023
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда көмүрдүн жана нандын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Президенттинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын тийешелүү кызматкерлери менен биргеликте, ЖТР жана “Регион” телеканалдарынын журналисттеринин катышуусунда  Сузак районунда 2023-жылдын 27-ноябрында көмүрдүн жана нандын бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторинг учурунда Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылында жайгашкан наабайканада 280 граммдык […]
24.11.2023
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 23-ноябрында Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.          Мониторингдин жыйынтыгы менен “Дасторкон” маркетинде нан жана нан-азыктарын сатуучу ижарачы А.К.А.га 402 граммдык бөлкө нанды 28,00 сомдон, же белгиленген баадан 1,87 сомго ашык сатып жаткандыгы аныкталып, КР “Укук […]