31.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына К.Ж.К. аттуу жарандан “Евразия” соода борборунда жайгашкан «Х» дүкөнүнө карата кайрылуу келип түшкөн.Арыз ээси дүкөндөн Macbook Pro маркасындагы ноутбукту 73 000 сомго сатып алганын билдирген. Macbookту пайдаланууда экран кемчиликтер аныкталган. Буга байланыштуу, арыз ээси дүкөнгө акча каражатын кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок дүкөн кызматкерлери макул болбой башка Macbook сунуштаган.КР “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын […]
30.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Ж.Д. аттуу жарандын “ЦУМ Айчүрөк” соода борборунда жайгашкан “Х” дүкөнүнө карата кайрылуу арыз келип түшкөн. Арыз ээси уюлдук телефон (iPhone, Apple, 14 PRO) 121900 сомго сатып алгандыгын билдирген. Бирок колдонуу учурунда үндүн начар угулуусу, жоголуп кетиши, видеонун титирөөсү сыяктуу кемчиликтери байкалган. Арыз ээси кепилдик боюнча компаниянын тейлөө борборуна кайрылган. Тейлөө борбору программалык камсыздоону өзгөртүп, жаңырткандан […]
30.03.2023
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д.Тайлаковдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ош базарында эттин дүң жана чекене бааларына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө Ош базарына эт негизинен Чүй жана Нарын облустарынан ташылып келээри белгилүү болду. Ош базарынын эт саткан жайларында дүң жана чекене баада сатылат. […]
25.03.2023
Товардын аталышы Кыргызстан Армения Беларусь Казакстан Россия Тажикистан Өзбекстан 1- сорт буудай уну 41 87,7 37,7 39,7 57,2 87,3 63,1 Майлуулугу 2,5-3,2% сүт 70 127,8 68,7 104,1 76,9 133,7 88,5 Кум шекер (кг) 85,1 119,2 100,8 93,0 76,9 128,2 92,2 Рафинирленген күн карама майы (л) 139,8 224,0 170,3 140,8 121,1 224,5 217,4 Картошка 32 82,6 25,2 51,0 38,6 50,7 46,1 […]
25.03.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына (мындан ары – Кызмат) химчистка карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен «З.И.» (мындан ары – керектөөчү) аттуу жарандын кайрылуусу келип түшкөн. Арызга ылайык, З.И. паластарды тазалоо кызматына кайрылган. Тазалоодон кийин керектөөчү тазалоонун сапаты начар экенин байкаган. Буга байланыштуу, керектөөчү акча каражатын кайтарып берүү талабы менен кайрылган. Керектөөчүнүн талаптары […]