Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан «AIT GROUP» курулуш компаниясынын расмий сайтына 1 м2 батирлердин наркын сомдук эквивалентте бербестен, АКШ долларында берүү Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 11-бөлүгүнө каршы келет.
Жыйынтыгында, «AIT GROUP» ЖЧКсына КРнын бузуулар жөнүндөгү Кодексинин 277-беренесине ылайык, III категориядагы айып пул түрүндө жаза-чарасы колдонулду.