Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укутарын коргоо күнүнө карата
13.03.2024Кызматтын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 15-март дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 айлык иш планынын негизинде Токмок шаардык мэриясында иш чара жүргүзүлдү
13.03.20242024-жылдын 13- мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Талас шаарындагы Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде, мугалимдердин жана жалпы студенттердин катышуусунда семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан атайын даярдалган видеороликтер көрсөтүлдү. Ал менен бирге Талас облустук бөлүмдүн башчысы Токтогулов Б.Р., Кызматтын ишмердүүлүгү, сатуу, сатып алуу жана кызмат көрсөтүү жаатындагы карым-катнаштар, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамында каралган талаптар боюнча маалыматтар берилди.
Семинардын соңунда студенттер менен эркин форматта талкуу жүргүзүлүп, узатылган суроолор боюнча толук маалыматтар берилди.