Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата бекитилген бир айлыктын алкагында Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Агротехникалык-экономикалык колледжинде «Керектөөчү өз укугуңду бил» деген темада лекция өткөрүштү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берилди.