Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүлдү
24.04.2024Каракол шаарындагы базарларда жана соода түйүндөрүндө азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
25.04.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пункттарын мамлекеттик жана мамлекеттик кызмат корсотуучу мекемелерде POS-терминалдар жана/же QR коддору боюнча жабдуулар менен камсызданууну ишке ашыруу боюнча мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө “Калкты тейлөө борбору” мекемесинде накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминал жана QR-коддук жабдуулар бар экендиги аныкталды.
Ал эми Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда QR-код жабдуусу жок болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесинин 15-абзацына ылайык мамлекеттик мекемелер: “ товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен сатып алуучунун накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандап алуусун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү”.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан “Банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарынын QR-коддорун пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштөрдү) орнотуу жана колдонуу аркылуу” Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде керектөөчүлөрдүн укуктарын корголушун камсыз кылуу боюнча Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жазуу түрүндө көрсөтмө берилди.
Бул багыттагы иштер улантылат.