Баткен облустук биргелешкен ооруканасы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баа прейскуранты макулдашылды
13.03.2024Талас шаарында Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата студенттерге семинар өткөрүлдү
13.03.2024Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата бекитилген бир айлыктын алкагында Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы Агротехникалык-экономикалык колледжинде «Керектөөчү өз укугуңду бил» деген темада лекция өткөрүштү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан керектөөчүлөрдүн укугун коргоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалымат берилди.