Бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования кызматкерлери Ак-Ордо, Ак-Өргө конуштарында жана Жумушчулар шаарчасында көмүргө мониторинг жүргүзүштү. Учурда көмүр капталганы жана тоннасы менен да сатылууда. 1 кап көмүр 250 сом, тандалганы жеткирип берүү акысы менен 5000-5500 сом. Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.мыйзамдарынын […]