15.03.2024

Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде семинар өткөрдү

Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин педагогдук жамааты менен биргелешип студенттерге “Керектөөчү укугуңду бил” аттуу жолугушуу семинарын өткөрдү. Студенттерге керектөөчүнүн укуктары тууралуү кенен маалыматтар берилди. Атайын маалыматтык роликтер көрсөтүлүп, суроо-жоопторго да орун берилди.
11.03.2024

Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 11-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, «Азия Моторс» ЖЧКда эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, «Азия Моторс» ЖЧКда эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди.Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды.Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын 2024-жылдын 19-февралындагы “Бүткүл дүйнөлүк […]
07.03.2024

Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 7-март күнү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 7-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү.     Жолугушууда унаа борборунун кызматкерлерине, керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди. Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды.     Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба […]
Skip to content