11.05.2023
Урматтуу Женалы Байсалович! Сиздин, 2023-жылдын 10-майындагы №09-1/47 сандуу тапшырмаңыздын аткарылышы боюнча, Талас облустук бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет. 2023-жылдын 11-майында Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери, Талас шаарынын Мэриясынын экономика жана инвестиция тартуу иштери боюнча жетектөөчү адиси А.Айбеков, Талас райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору М.Алишеров жана “Ала-Тоо 24” телекөрсөтүүсүнүн кабарчыларынын коштоосунда Талас шаарында жайгашкан эт сатуучу түйүндөргө, базарларга, мал союлуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг […]