2022-жылдын 4-февралында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын адистери жалпы билим берүүчү мектептердин жана гимназиялардын жетекчилери үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги жана герби жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору» деген темада презентация өткөрүп, атайын маалыматтык баракчаларды таратышкан. Иш-чаранын алкагында Биринчи Май, Свердлов жана Ленин райондорунун аймагындагы жалпы 76 орто мектеп ошондой эле гимназиялардын жетекчилерине, мектептерде мамлекеттик символдордун туура орнотулушу […]