Ишмердүүлүк

Контролдук иш-чаралар

22.03.2023
“Кыргыз почтасы”ААК тарабынан көрсөтүлүүчү республиканын ичинде кагаз жүзүндөгү корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн тарифтердин долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, 2023-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында “Кыргыз почтасы” ААК тарабынан көрсөтүлүүчү республиканын ичинде кагаз жүзүндөгү корреспонденцияларды жөнөтүү үчүн тарифтердин долбооруна коомдук талкуу жүргүзүлдү. Талкууга министрликтердин, […]
14.03.2023
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2023-жылдын 17-февралындагы ”Укук бузуулардын бирдиктүү реестирине кирүүгө укуктуу кызматкерлерди аныктоо жөнүндө ” № 18 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2023-жылдын 17-февралындагы ”Укук бузуулардын бирдиктүү реестирине кирүүгө укуктуу кызматкерлерди аныктоо жөнүндө” №18 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:                 1.       2-пункттагы : ” — башчысы — Чегебаев Фархад Кагаздиевич.” сөздөрү башчынын м.а. – Сатыгулов Бейше Турдуевич” сөздөрү менен алмаштырылсын;  Чүй облустук бөлүмүнүн пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “ – башкы адиси — Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич; – жетектөөчү адиси — Кенжешев Таалай Каныбекович.”
10.03.2023
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаковдун 8-март майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу асылзат Апалар, эже-карындаштар! Жаз көктөмүн утурлай, жадырап кирип келген 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Аялзаты дүйнөдө теңдешсиз аруу жан, кучагына ааламды батырган мээрими чексиз Эне. Аялзаты бар үчүн ар бир үйдө ыңаалаган наристе үнү жаңырып, коломтонун ысыгы өчпөй, түндүгүбүз бийикте көтөрүлүп турат. Аялзатынын кудурети, чыдамкайлыгы, чарчабаган мээнеткечтиги адам баласын алдыга умтултат. Кыргыз элибизде, кыз […]
beatriz-perez-moya-XN4T2PVUUgk-unsplash

Медициналык техника жана медициналык багыттагы буюмдар рынокторунда атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча ачык демилгенин декларациясы

Медициналык техника жана медициналык багыттагы буюмдар рынокторунда атаандаштыктын бирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча ачык демилгенин декларациясы