Бүгүн, 2023-жылдын 22-ноябрь күнү Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасы Г.К.Асылбаева Кант шаарындагы «Белая Река» маркасы менен таанымал, сүттү кайра иштетүүчү «Кант Сүт» ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.Заводдун директору Ж.А.Джон чийки сүттү кабыл алуудан баштап даяр продукцияга чейинки өндуруштүк процесс менен тааныштырды.