Калк үчүн мунайзаттарды сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында Кызмат тарабынан КММ рыногундагы баа маселеси боюнча Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлгөн. Баалардын динамикасы көрсөткөндөй, 2024-жылдын башынан бери АИ-92 бензининин баасынын төмөндөшү байкалган, дизелдик отундун баасы туруктуу бойдон калган. Үстүбүздөгү жылдын март айынын башынан тартып АИ-92 бензинине жана дизелдик отунга 0,7 сом/литрге анча-мынча өсүш байкалган, бул Кыргызстандагы баалардын […]