Урматтуу асылзат Апалар, эже-карындаштар! Жаз көктөмүн утурлай, жадырап кирип келген 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Аялзаты дүйнөдө теңдешсиз аруу жан, кучагына ааламды батырган мээрими чексиз Эне. Аялзаты бар үчүн ар бир үйдө ыңаалаган наристе үнү жаңырып, коломтонун ысыгы өчпөй, түндүгүбүз бийикте көтөрүлүп турат. Аялзатынын кудурети, чыдамкайлыгы, чарчабаган мээнеткечтиги адам баласын алдыга умтултат. Кыргыз элибизде, кыз […]