Республика ичиндеги авиаташууларга билеттердин баасы боюнча Кызматтын дарегине келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу ички каттамдарды ишке ашыруучу авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен Кызматтын аянтчасында жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди. Сатуу үчүн авиабилеттердин баалары алардын расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат жана 4 миң сомдон ашпайт.Бирок, бир катар өзгөчө учурларда, биринчи орундуктарга […]