Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына Ж.Д. аттуу жарандын “ЦУМ Айчүрөк” соода борборунда жайгашкан “Х” дүкөнүнө карата кайрылуу арыз келип түшкөн. Арыз ээси уюлдук телефон (iPhone, Apple, 14 PRO) 121900 сомго сатып алгандыгын билдирген. Бирок колдонуу учурунда үндүн начар угулуусу, жоголуп кетиши, видеонун титирөөсү сыяктуу кемчиликтери байкалган. Арыз ээси кепилдик боюнча компаниянын тейлөө борборуна кайрылган. Тейлөө борбору программалык камсыздоону өзгөртүп, жаңырткандан […]