Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Б. Төрөбаевдин, Экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиевдин тапшырмасы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын орун басары баштаган эксперттери, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата, Балыкчы, Бостери, Чырпыкты, Тамчы, Чок-Тал курорттук аймактарында бааларды турукташтыруу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы боюнча мониторинг жүргүзүшүүдө. Мониторингдин жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун аймагында соода жүргүзгөн ишкерлерге, баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык […]