2021-жылдын 20–21-майында “Атаандаштык жөнүндө мыйзамдын чегинде байгерчилик менен кирешенин теңсиздиги тынчсыздандырышы керекпи?” темасы боюнча Амстердам университетинин онлайн конференциясы болуп өттү. Конференциянын алкагында экономикалык теңсиздик менен атаандаштык жөнүндө мыйзамдын ортосундагы байланыштар тууралуу маселелер талкууланды. Аталган онлайн конференцияда Великобританиянын, Гарварддын, Нью-Йорктун, Гонконгдун, Кентукинин, Венанын жана башка университеттердин эксперттери, ошондой эле Грециянын, Нидерланддын, Эквадордун, Испаниянын, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мекемелеринин өкүлдөрү жана ЮНКТАДдын […]