2019-жылдын 24-сентябрында Евразиялык жумалыкка арналган иш-чаралардын алкагында Евразиялык экономикалык комиссиянын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиянын мүчөсү (Министр) Э.А.Кайкиевдин төрагалыгынын алдында Бишкекте табигый монополиялар боюнча Консультативдик кеңешинин 16-отуруму болуп өттү. Отурумга Комитеттин мүчөлөрү жана Евразиялык экономикалык бирликке мүчө-мамлекеттердин эксперттери катышышты. Отурумдун жүрүшүндө “Кыргыз Республикасындагы аба каттамдарын жерден тейлөө чөйрөсүндөгү табигый монополияларды жөнгө салуулардын практикасы жана тажрыйбасы жөнүндө” доклады окулду, “Табигый монополиялар […]