17.07.2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д. Тайлаков жана укуктук колдоо жана сатып алуулар бөлүмүнүн начальниги Н.М. Кадырбекова 2019-жылдын 10-12- июлунда Женевада (Швейцария) өткөн Соода жана өнүктүрүү боюнча БУУнун конференциясынын (МГЗ ЮНКТАД) атаандаштык жаатындагы мыйзамдар жана саясат боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун 18-отурумуна катышты.

Бул отурумдун алкагында транс чек аралык мүнөздө болгон атаандаштык эрежелерин бузуу жана транс улуттук корпорациялардын чектөөчү ишкер практикасына каршы туруу боюнча атаандаштык ведомстволорунун эл аралык кызматташтык негизги багыттары көрсөтүлдү. Талкуулоонун жүрүшүндө ар түрдүү өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы органдарынын өкүлдөрү өзүнчө чөйрөлөрдө атаандаштыкты өнүктүрүү тажрыйбасы жана практикасы жөнүндө маалымат беришти. Тактап айтканда, фармацевтикалык рыноктордогу кырдаал тууралуу маселе каралган […]
Skip to content