2020-жылдын 3-июнунда Мамлекеттик агенттиктин жыйын залында видеоконференция форматында КМШнын катышуучу-мамлекеттеринин монополияга каршы мыйзамдарын бузуулардын биргелешкен иликтөөлөрү боюнча Штабдын 37-отуруму болуп өттү. Аталган иш-чарага Россия Федерациясынын, Беларусия Республикасынын, Казак Республикасынын, Армения Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Молдова Республикасынын, Тажикистан Республикасынын монополияга каршы ведомстволорунун, Евразиялык экономикалык комиссиясынын, МТС Санкт-Петербург биржасынын, Белорус универсалдык товардык биржасынын өкүлдөрү катышышты. Отурум учурунда төмөндөгү маселелер талкууланды: 1. Пандемия шарттарында […]