Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин аянтчасында 2018-жылдын 6- сентябрында Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу блогунун Коомдук кабылдамасынын көчмө отуруму болуп өттү. ЕЭКнын мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат жана атаандаштык саясаты департаментинин директору Алия Джумабаева атаандаштык чөйрөсүндөгү ЕАЭС мыйзам ченемдерине отурумдун катышуучуларынын көңүлүн бурган, анда үстөмдүк абалды кыянаттык менен колдонууга, ак ниет […]